Кыргыз Республикасында кооперативдер кыймылы жөнүндө обзор

Кыргыз Республикасында кооперативдин “жаңы моделинин” башталышы 1999-2000-жылдарга таандык. Эң алгач, айылдык финансы институттарын өнүктүрүү макасатында башталган АБР, ГИЗ жана Хельветас Эл аралык уюмдарынын көмөк көрсөтүүсү алдында “Кредиттик союздар” түзүлүп иштеп башташкан. 3-4 жылдан кийин…


Кыргыз Республикасында кооперативдин “жаңы моделинин” башталышы 1999-2000-жылдарга таандык. Эң алгач, айылдык финансы институттарын өнүктүрүү макасатында башталган АБР, ГИЗ жана Хельветас Эл аралык уюмдарынын көмөк көрсөтүүсү алдында “Кредиттик союздар” түзүлүп иштеп башташкан. 3-4 жылдан кийин ГИЗ Эл аралык уюмунунда “Товардык, сервистик кооперативдерди өнүктүрүү” долбоору (2003-2007-ж) иш алып барып, азыркы айыл чарба кооперативдерин түптөгөн жана “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамды иштеп чыгып, 2004-жылдын 11-июнунда кабыл алынган. Жыйынтыктап айтканда, аталган долбоорлор кооперативдердин “жаңы моделин” б.а. “жаңы үлгүсүн” көрсөтө алышты.

Мындан сырткары, Кыргызстандагы кооперативдердин мындан ары өсүп-өнүгүшүн камсыздоо максатында өлкөдөдөгу баардык кооперативдерди чакырып, съезд өткөрөп, 2007-жылы “Кыргызстан кооперативдер Союзун” (ККС) түзгөн https://cooperativ.kg/.
Учурда ККС Эл Аралык кооперативдер Альянсына (International Cooperative Alliance) жана Эл аралык керектөөчүлөр Альянсына мүчө. ККСтин кызматкерлери, консультанттары эл аралык кооперативдик укук (международная кооперативная права), кооперативдик бизнес жүргүзүүнүн, аны башкаруунун өзгөчөлүктөрү темасында консультацияларды, дүйнөлүк тажырыйбаларды, мамлекеттик программаларды жана башка билимдерди алып турат. Кыргызстан кооперативдер Союзу өз ишмердүүлүгүн КРсынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” (1999-жылдын 15-октябры № 111) мызамынын жана Эл Аралык кооперативдер Альянсынын жетектөөчү жобосунун негизинде жүргүзөт.

КЫРГЫЗСТАН КООПЕРАТИВДЕР СОЮЗУ
ККС КРсындагы кооперативдердин кызыкчылыгын улуттук деңгээлде колдоо (лоби) жана кооперативдин башкаруу органдарынын потенциалдарын жогорулатуу максатында окуу, консультация иштерин жүргүзүү менен бирге өлкөдө кооперативдик системанын туура түптөлүшүүнүн жана анын өнүгүп-өсүшүнүн үстүндө эмгектенип келет.
Айыл-чарба кооперативдерин өнүктүрүү боюнча 2009-жылы салык, 2012-жылы социалдык төлөмдөр жана 2016-жылы мамлекеттик фондун айыл-чарба жерлерин көп жылдык мөнөөткө арендага алып пайдалануу боюнча жеңилдиктерди киргизүүгө жетишкен (КР Окмотунун 599 токтому, 18.11.16ж.) 2017-жылы КРсында айыл чарба коооперативдик кыймылды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгуусун демилгелеп жана программаны иштеп чыгып https://cooperativ.kg/, КР Өкмөтүнө, айыл-чарба министрлигине сунушталган. Тилеке каршы бул демилге ишке ашкан жок.
Азыркы күндө Кыргызстан кооперативдер Союзу (ККС) Кыргыз Республикасында жалгыз кооперативдик иниститут катары, КРсындагы кооперативдик кыймыл, кооперативдердин түрлөрү жана алардын укуктук базаларына сереп салуу менен бирге мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды сунуштап турат. Учурда турак-жай сакттык жана насыя беруучу кооперативдердин ишмердуулугу жонундо мыйзам иштеп чыгуу демилгебиздин негизинде КР Жогорку Кенешинин денгээлинде жумушчу топ тузулду.
Талдоолордун жыйынтыгында мыйзамдардагы конкреттүү көйгөйлөр же тоскоолдуктар аныкталды. Алар кооперативдердин өнүгүүшүнө тоскоол болуп жаткандыгы аныкталууга тийиш.
Андан сырткары Эл Аралык кооперативдер Альянсынын жетектөөчү жобосунун негизинде кооперативдердин менеджментине «кооперативдик принциптерди» https://www.ica.coop/ киргизүү менен бирге алардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Бирок, мындай иш-чаралар ККС менен тыгыз иштеген гана кооперативдерде жургүзүлүүдө, анткени алардын кызыкчылыктарын колдоодон мурда, алардын ишмердүүлүгү канчалык деңгээлде мыйзамдын алкагында талаптагыдай аткарылып жаткандыгын билуу зарыл.

КООПЕРАТИВДЕР ЖѲНУНДѲ
Кооперативдер эл аралык өнүгүүнүн далилденген үлгүсү болуп саналат. Бул дүйнө жүзүндөгү адамдарга өздөрүнүн жашоосунун жакшырышы үчүн каражаттарын көзөмөлдөөгө алган көз карандысыз, адам наркын пайдадан жогору койгон жана калыптанган тарыхы бар уюм.

Кооператив — бул биргелешкен жана демократиялык жол менен башкарылган ишкана аркылуу өздөрүнүн жалпы экономикалык, социалдык жана маданий муктаждыктарын жана каалоолорун канааттандыруу үчүн ыктыярдуу негизде чогулган адамдардын автономдуу бирикмеси» деп айтылат.

Дүйнө жүзүндө кооперативдердин жаӊы формалары жана түрлөрү тынымсыз пайда болуп жатат. Акыркы убакта биз ар кандай жамааттык ишмердүүлүктөрдүн моделдеринин айланасында инновациялык ар кандай типтеги көп тараптуу кооперативдер пайда болуп жатканын көрдүк. Адамдардын социалдык-экономикалык керектөөлөрү өнүгүп, жалпы умтулуулар жакшы дүйнөнү курууга коллективдүү талаптар болуп турганда, кооперативдердин жаңы формалары мындан ары да пайда боло тургандыгы белгилүү.

Тарыхтан бир мисал келтирсек, көз карандысыз түрдө түзүлгөн кооперативдик моделди Германияда Фридрих Вильгельм Райффайзен жана Франц Герман Шульц-Делицш иштеп чыккан. Райффайзен жана Шульц-Делицш 1862-жылы кредиттик союздарды түзүшкөн. Ошондон бери бул модель башка кооперативдин тармактарына жайылып, дүйнө жүзү боюнча каржылык кооперативдердин өсүшүнө дем берди. Же болбосо, социалдык кооперативдерди алсак, 1970-жылдардын аягында Италияда ойлоп табылган өзүнчө өзгөчө жана таасирдүү эксперимент катары азыр дүйнө жүзү боюнча жайылууда.

Кооперативдик принциптер — бул кооперативдер өз баалуулуктарын сактоону жетектөөчү принциптер. Кооперативдердин мүчөлөрүнүн, жетекчилеринин жана адистеринин күнүмдүк социалдык-экономикалык ишмердүүлүгүндө жетекчилик кылууга тийиш болгон негизги жоболор, эрежелер.
Көптөр принциптерди осуят катары түшүнүшөт. Бирок, принциптер осуяттардан жогору турат. Алар кооперативдердин жашоодосунда кооперативдик баалуулуктарды ишке ашыруунун эрежеси болуп саналат.

Баалуулуктар
Кооперативдер өзүнө-өзү жардам берүү, жеке жоопкерчилик, демократия, теңдик, теңдик жана тилектештик сыяктуу баалуулуктарга негизделген. Кооперативдин мүчөлөрү өз уюштуруучуларынын салтын карманып, чынчылдык, ачыктык, социалдык жоопкерчилик жана башкаларга кам көрүү сыяктуу этикалык баалуулуктарга ишенишет.
Кооператив, кооперативдик принциптерди урматтаса, өз мүчөлөрүнө жана коомго тийиштүү түрдө кызмат кыла алат. Кун сайын чечимдерди кабыл алууда кооперативдин социалдык-экономикалык ишинин демократиялык мүнөзүн камсыз кылуу максатында кооперативдик принциптерди жетекчиликке алуу зарыл.
Кооперативдердин ишинин негизин тузгөн принциптер бири-бирине байланыштуу. Алар бири-биринен ажырагыс: алардын бири аткарылбаса, калгандарынын баары күчүн жоготот. Кооперативдерди принциптердин бири боюнча баалоого болбойт, алардын ишине жалпысынан бардык принциптерди эске алуу менен баа берүү керек.
Күнүмдүк практикада кооперативдик принциптердин сакталышы кооперативдердин кооперативдик өзгөчөлүгүн жана туруктуулугун сактоого мүмкүндүк берет.
Эл Аралык кооперативдер Альянсы (ICA) кооперативдин жети негизги принциптерин аныктаган.
Биринчи үч принцип кооперативдеги мүчөлүк мамилелерди аныктайт. Төмөнкү принциптер кооперативдин ички жана тышкы ишинин эрежелерин чагылдырат.
Бул жети принцип универсалдуу, ийкемдүү, ар кандай деңгээлдерде, кооперативдердин ар кандай түрлөрүндө жана ар кандай социалдык-экономикалык шарттарда колдонулат. Алар мыкты уюштурууга карай жол көрсөтүшөт, бул жол кооперативдеги демократиянын мүнөзү жөнүндө, кирешелерди пайдалануу жөнүндө, кооперативдин экономикалык ишине мүчөлөрдүн катышуу формалары жана катышуунун көлөмунүн негизинде сыйлык берүү жөнундө чечим кабыл алууну талап кылат.
Ошентип, ICA Кооперативдик өзгөчөлүктөр тууралуу Декларациясында (1995) кооперативдик баалуулуктарды жана принциптерди үчүнчү миң жылдыкта кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ишенимдүү жолу катары белгилейт.
Демек, кооперативдик мыйзамдарды жана уставдарды иштеп чыгууда кооперативдик принциптерди киргизүү зарыл.

УЧУРДАГЫ ЖАГДАЙ, КООПЕРАТИВДЕРДИН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА АЛАРДЫН УКУКТУК БАЗАСЫ.
Негизинен кооперативдер коммерциялык жана коммерциялык эмес болуп 2 түргө бөлүнөт. Коммерциялык кооперативдерге пайда табууну көздөгөн (ЖККР 82-берене, пункт-1) өндүрүш жана тейлөө кооперативдери кирет. Мисалы айыл-чарба кооперативдери, финансы кооперативдери ж.б.
Ал эми коммерциялык эмес кооперативдер-пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы катышуучулардын ортосунда бөлүштүрбөгөн (ЖККР 82-берене, пункт-1), өздөрүнүн уставындагы максаттарга зарыл болгон өлчөмдө гана ишкердик кылган кооперативдер кирет. Коммерциялык эмес кооперативдерди жалпы жонунан керектөөчүлөрдүн кооперативи деп аташат. Мисалы: турак жай же турак жай-эксплуатациялык кооперативдери жана турак жай-курулуш кооперативдери, медицина, бала бакча, мектеп, жумушчулар (бизде-профсоюз деп аталат), керектөөчүлөрдүн (потребительский) кооперативдери ж.б.у.с. кооперативдер кирет.

КОММЕРЦИЯЛЫК КООПЕРАТИВДЕР
КРсында аталган кооперативдердин ичинен айыл чарба, финансы (кредиттик союз) жана керектөөчүлөрдүн (потребительский) кооперативдери элге кеңири таанымал жана алардын ишмердүүлүгүнүн укуктук жана экономикалык негиздерин, ченемдерин башкача айтканда, алардын ишмердиктерин жөнгө салуучу мыйзамдар бар. Алар «Кооперативдер жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдары.

Айыл чарба кооперативдери жөнүндө
Айыл чарба кооперативдери СССР учурунан бери “колхоз” деген ат менен белгилүү болуп келген. Ал учурдагы “колхоз” менен азыркы “айыл чарба кооперативдеринин” айырмасы абдан чоң. Биз жер жана агрардык реформасына (1993-1995-жж) чейин, б.а. социалисттик коомдо түзүлүп, үзүрлүү иштеп келген колхоздорду түзөбүз деп, ойлонбошубуз керек. Себеби алардын ишмердүүлүгү рынок экономикасынын прициптерине дал келбейт. Ошондуктан, кооперативдин жаңы моделин түзүү- бул эң алдыңкы масаттардын бири. Жогоруда айтылгандай жер жана агрардык реформа жүргүзүлгөнү менен, колхоздордун өзүнө реформа жүргүзүлгөн эмес. Ушул максатты ишке ашыруу үчүн Германия эл аралык уюму (ГТЦ) тарабынан “Товардык-сервистик кооперативдерди өнүктүрүү” деп аталган долбоор иштеген (2003-2007ж). Долбоордун алкагында 2004-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын кооперативдер жөнүндө жаңы мыйзамы кабыл алынган. Ушул мыйзам Кыргыз Республикасында кооперативдерди түзүүнүн жана алардын ишмердүүлүгнүн укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт. Кооперативдерди жана алардын бирликтерин түзүүгө жана алардын ишине байланышкан мамилелер ушул мыйзам жана КРсынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Статистикага таянсак, республикада 360 кооператив бар (31.12.2021ж), КРсынын Юстиция министрлигинин маалыматтары боюнча өлкөдө 3089 коомерциялык, анын 918 коммерциялык эмес кооперативдер бар. Басымдуу бөлүгү ар кандай долбоорлордун алкагында түзүлгөн болсо, башкалары грант, кредит алууга жана салык төлөмдөрүнөн жеңилдиктерди пайдалануу максатында түзүлүүдө. Акыркы күндөрү Министирлер Кабинетинин 17-декабрь 2021-жылдагы 309-токтомунун негизинде айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерди арендага конкурсуз алуу масатындагы кооперативдердин саны күн санап өсүүдө. Алардын канчалык деңгээлде мыйзамдуу иштеп жаткандыгына көзөмөл кылуучу орган жок жана мамлекеттик жардамдарды берүүдө атайын тартиптер, талаптар (критерийлер) белгиленген эмес.
Түзүлгөн кооперативдердин арасында ишмердүүлүгү кооперативдик принциптерге дал келген жана мыйзамдарды сактаган саналуу кооперативдер бар. Алардын басымдуу бөлүгү банктардан кредит ала алышпайт, себеби башкаруу же чечимдерди кабыл алуу коллективдүү түрдө ишке ашат, жалгыз жетекчи чече албайт. Башкаруунун мындай формасын кредит бүүчүлөр-банктар кооптуу деп эсептешет. Ал эми кооперативди бир адам башкарууга болбойт, анткени кооперативдик принциптерге таптакыр карма — каршы келет. Республикада айыл чарбасын каржылаган кредиттик программа бар. Ал эми атайын айыл чарба кооперативдерин каржылаган атайын кредиттик жана жалпы эле аларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа жок. Бирок, салыктан жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан жерди көп жылдык арендага берүү жагынан жеңилдиктер каралган. Аталган стимулдардын натыйжасында кооперативдин бул тармагында алгачкы кыймылдар бар болгон менен жалпысынан алганда алардын өнүгүшүү байкалбайт. Буга каржылоо системасынын жоктугу, элге маалымат берүү, окуулардын жетишпегендиги себеп болууда.
Кооперативдик бизнес жүргүзүүнүн менеджментине Кооперативдик принциптерди киргизүү жана аларды көзөмөлдөө Кыргызстан кооперативдер Союзунун эң негизги тапшырмаларынын бири болгондуктан, мүчөлөрдүн басымдуу бөлүгү кооперативдик принциптерди сакташат.

СУНУШ. (1) Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү жөнүндө мамлекеттик программа иштеп чыгуу керек. Ал программа комплекстүү чараларды (окуу, маалымат жеткирүү, тейлөөнү жана сатууну уюштуруу, кредит ж.б.) кароо менен бирге кооперативдик системаны, анын структурасын түзүүгө багытталышы керек. Ар бир мамлекеттик жардамды максаттуу пайдаланыш үчүн программа кооперативдин принциптерине көзөмөл (аудит) жүргүзүүнү да камтуусу зарыл. (2) КРсынын “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамына кошумчаларды жана толуктоолорду киргизүү. Өзүнчө (атайын) “Айыл чарба кооперативдери жөнүндө” мыйзап иштеп чыгуунун зарылчылыгын билүү үчүн, терең анализ жүргузүү.

Кредиттик союздар-финансы кооперативдери
Кредиттик союз системасын түзүү КР Өкмөтүнүн 1999- жылдын 28 -октябрындагы №117 токтому менен бекитилип, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү банкынын ортосундагы 1998 -жылы түзүлгөн келишимдин негизинде жана «Айылдык финансы институттары (финасовые сельские институты)” мамлекеттик долбоордун алкагында кредиттик союздарды ачуу, окутуу жана техникалык жактан каржылоо үчүн «Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү финансылык компаниясы» КР Улуттук банктын алдында ачылган.
Кредиттик союз — кооператив формасында тузүлүүчү финансы-кредиттик уюм, максаты мүчөлөрүнүн жеке аманаттарын кошуу жана аларды өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу, ошондой эле башка финансылык кызматтарды өз мүчөлөрүнө көрсөтүү.
Кредиттик союздар өз ишин баштоо үчүн КР Улуттук банктан лицензия алып, анда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө укук алышат.
«Кредиттик союздар жөнүндөгу” (28.10. 1999 ж. N 117) мыйзамда союздардын ишинин негизги максаттары, ишине кандай учурда чектөөлөр болору, юридикалык статусу, кредиттик союзду түзүү, уставы, капиталын түзүү, мүчөлөрү жөнүндө, башкаруу органдары, жалпы чогулушу, кредиттик комитети, текшерүү комиссиясы, тышкы аудити, сактык пайдалары, эсепке алуу жана финансылык отчетторду түзүү жөнүндө толук көрсөтүлгөн.
Кооперативдин бул тармагына, анын өсүп- өнүгүшүнө мамлекет тарабынан эбегейсиз чоң колдоо көрсөтүлүп, жеңилдиктер каралып жана арзан пайыздагы ири кредитттер, гранттар берилип келет. Бирок, статистикага карасак, учурда ачылган (түзүлгөн) 561 кредиттик союздардын 87 кредиттик союз же 16 % гана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө (НБКР реестрнен, 2021 ж). Кредиттик союздардын санынын 16% ка чейин азайышынан жакшы көрсөткүч эместигин түшүнүүгө болот.
Кредиттик союздардын финансылык ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугуна КР Улуттук банкы көзөмөл жүргүзөт, бирок, кооперативдик принциптердин сакталышына көзөмөл (аудит) жүргүзүшпөйт.
СУНУШ. (1) Кредиттик союздар айылдык финансы институтарынын бири болуп саналат жана айылдыктарды жана айыл чарбасын каржылоодо чоң роль ойнот. Ошондуктан, мамлекеттик долбоордун алкагында каржыланган бул тармакка изилдөө жүргүзүү зарыл жана изилдөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу керек.

КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС КООПЕРАТИВДЕР ЖӨНҮНДӨ

Керектөөчүлөрдүн же коммерциялык эмес кооперативдер жөнүндө айтсак, бүгүнкү күндө баардык эле кооперативдердин саны жана түрлөрү боюнча Улуттук статистика комитетинен же Юстиция министрлигинен так маалымат алуу мүмкүн эмес. Бул дагы мамлекет көңүл бөлө турган олуттуу көйгөйлөрдүн бири.
Ал эми медицина, бала бакча жана мектеп, китепкана ж.б.у.с сыяктуу кооперативдер жөнүндө азырынча мамлекетибизде түшүнүк жок. Ал эми акыркы жылдарда өлкөбүздө түзүлгөн Турак жай кооперативдеринин саны Юстиция министрлигинин маалымат боюнча 158 (март 2022ж).

Турак-жай кооперативдери жөнүндө
Кыргызстандагы турак-жайды бөлүп-бөлүп сатып алуунун жаңы формасы пайда болуу менен бирге өлкөдө кооперативдин дагы бир түрү-активдүү түрдө түзүлүүдө. Себеби, рынок өсүп жаткан суроо-талапка белгилүү бир механизмдердин пайда болушу менен жооп кайтарды, ар кандай деңгээлдеги ийгилик менен Кыргызстанада ипотеканын дагы бир туру пайда болду.
Кыргызстандыктардын көбү үй же батир үчүн керектүү сумманы төлөй алышпагандыктан, рынокто үй же батирге болгон суроо-талап сунуштан ашат. Демек, ипотека, бөлүп төлөө же турак жай кооперативдери аркылуу үй алуу ынгайлуу. Бирок рынокто суроо-талап жогору болгондуктан, алдамчылык схемаларга түшүп калуу да коркунучу бар.
Бирок, бул кыймылдын жаралышы өзү жакшы көрүнүш. Болгону аны тезинен финансылык көзөмөлгө (финансовый надзор) алуу менен бирге мамлекеттик деңгээлде колдоого алуу маанилүү. Ал үчүн алгач укуктук базасын тезинен иштеп чыгуу зарыл.

Түшүнүктүү болсун үчүн, турак-жай кооперативдери боюнча дүйнө жүзүндөгү практикага кайрылсак, мисалы, кооперативдик турак-жай курулуш идеясы Германияда 19-кылымдын экинчи жарымында пайда болгон. Гамбургдун тез өнүгүп жаткан өнөр жайы жана порт аркылуу жүк ташуулардын көбөйүшү шаарга жумушчу күчүнүн чоң агымын шарттады. Турак жайдын катастрофалык жетишсиздиги болгон, ал эми ижарага алынган батирлердин баасы укмуштуудай жогору болгон. Эмгекчилер тар жайларда тыгылып, кээде антисанитариялык шарттарда жашоого аргасыз болушкан. Ушундай эле абал Германиянын башка көптөгөн шаарларында да түзүлгөн. Эпидемия коркунучу жана жумушчулардын арасындагы толкундоолор бийликти кооперативдер жөнүндө мыйзамды (Genossenschaftgesetzt, 1889) кабыл алууга аргасыз кылган, ал чарбалык иштерди, анын ичинде курулуш тармагында ассоциацияларды түзүүнү жөнгө салган. Бул биринчи кооперативдер жеңил шарттарда банктан узак мөөнөттүү кредиттерди, федералдык структуралардан акысыз финансылык жардам алып, өздөрүнүн кирешелерин өз алдынча башкара алышкан.
Курулуш сактык кассаларынын иш-аракети Финансылык көзөмөл боюнча федералдык бюро (Bundesanstalt für Finanzdienstleistungsaufsicht) тарабынан катуу көзөмөлгө алынат, ал сактык кассасынын абийирсиз жетекчилигинин кызматтан кетүүсүн демилгелегенге чейин кеңири ыйгарым укуктарга ээ (§ 3, § 11 BauSparkG). Бул чаралардын баары аманатчылардын алдамчылык жана аманаттарын жоготуу коркунучун нөлгө чейин азайтат.
Курулуш сактык кассасынын кредити боюнча пайыздык чен банктык ипотекалык ставкалардан төмөн өлчөмдө карыз алуучуга (киреше, мүлк, жаш ж.б.) талаптар анча катуу эмес. Кредит алганга карагадна мындай жол менен кыймылсыз мүлккө ээ болуу жагымдуураак вариант экендигинде талаш жок. Мындан тышкары, мамлекет сактык кассалардын аманатчылары үчүн ар кандай кошумча төлөм программаларын киргизишкен. Бул турак-жай кооперативдердин аброюн бир кыйла жогорулатып, өлкөдөгү үйгө болгон муктаждыктарды чечүү менен бирге, социалдык чыңалууларды төмөндөткөн.

Баарыбызга белгилүү болгондой эле социалдык тармактар аркылуу көптөгөн жарандар турак-жай кооперативдери аркылуу үйлүү болуп жаткандыгына күбө болуудабыз. Ошол эле учурда терс көрүнүштөр боюнча да маалыматтар бар. Мамлекетибизде турак-жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салган бир да укуктук база жок. «Кооперативдер жөнүндө» мыйзам турак-жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салбайт, мыйзамдын 1-беренесинде жазылган түшүнүктүн аныктамасы көп кабаттуу үй куруучулар кооперативдерине жана турак жай-эксплуатациялык кооперативдерине тиешелүү.
Ал эми КРсынын Граждандык Кодексинин 152- беренесинде кооперативдердердин турак жай жана турак жай-курулуш кооперативдеринин мүчөлөрүнүн алар турак жайга менчиктик укугун алгандан кийинки укуктары менен милдеттери «Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө» мыйзам менен аныкталат деп жазылган жана ал мыйзам көп батирлүү үйлөрдө жашаган жарандарга тиешелүү. Демек, учурда иштеп жаткан турак-жай кооперативдеринин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери, жетекчиликтин орчундуу суммадагы каражат жыйноодогу укуктары, жоопкерчиликтери, милдеттери, чечимдердин кабыл алынышы, отчёттуулук, түшкөн пайданы пайдалануу, мүчөлөр тарабынан контролдун жоктугу б.а. укуктук негиздерди так аныктаган укуктук базанын жоктугун көрүүгө болот. Азыркы болуп жаткан ар кандай кризистердин таасиринен улам дейли, үй алган жарандар тарбынан төлөмдөр төлөнбөй, же жетекчиликтер тарабынан кеткен каталардан улам, пландагы күтүлгөн акчалар чогулбай калса, акча каражаттарын ишенип салып коюп , кезекти күтүп тургандардын тагдыры эмне болот? Мунун өзү чоң тобокелчиликти (риск) жаратып тургандыгы жашыруун деле эмес.

СУНУШ. Турак-жай кооперативдери өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө, айрыкча, турак жай менен жарандарды камсыз кылууда чоң роль ойнойт. Алардын мыйзамдык базасын түзүү, көзөмөлгө алуу жана аларга финансылык жардамдарды берүү, мамлекеттин милдети. Себеби, калктын бакубаттуулугунун жыргалчылыгы үчүн турак жай тармагындагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү, жашоо деңгээлин көтөрүү, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу мамлекеттин бирден-бир тапшырмасы.
Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак жай менен камсыздоо, ипотекалык насыялоо жана эконом-класстагы турак жай курулуш секторуна финансылык ресурстарды тартуунун узак мөөнөттүү туруктуу механизмдерин ишке ашыруу максатында өлкөдө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) https://gik.kg/ 2016-жылдан баштап иштейт. 2020- жылы ААК «Ак-Босого» турак жай-сактык кредиттик компаниясын түзгөн. Компаниянын ишмердүүлүгү менен турак-жай кооперативдердин ишмердүүлүгү окшош, алардын айырмасы аталган компания мамлекет тарабынан түзүлүп, каржыланат жана Улуттук Банктын көзөмөлүндө турат. Ал эми турак-жай кооперативдери эч кандай мүнкүнчүлүктөргө ээ эмес жана эч кандай мамлекттик финансылык органдар тарабынан көзөмөлгө алынган эмес.
Менин оюмча, Мамлекеттик ипотекалык компания өзүнүн ишмердүүлүгүн кеңейтип, бир гана ААК «Ак-Босого» турак жай-сактык кредиттик компаниясы менен иш жүргүзбөстөн аталган кооперативдер менен дагы шериктештикте иш алып барса, иш алда канча эффективдүү болмок. Себеби, МИКтин максаттарынын бири болгон “…турак жай курулуш секторуна финансылык ресурстарды тартуунун узак мөөнөттүү туруктуу механизмдерин ишке ашыруу” деген планын жарандар өзудөрү финансылык ресурстарын мобилизациялоо менен ишке ашырып, турак жай курулуш секторунун рынок мамилелерине ылайыктуу келген механизмди тартуулай алышты.
Ипотека рыногун өнүктүрүү менен, калкты турак жай мене камсыз кылууну жакшыртуу миссиясы мамлекеттин милдети болгондуктан, мындай демилгелерди мамлекет колдоого алуусу зарыл деп ойлойм.

Профсоюздар уюму же жумушчулар кооперативи
Ал эми жумушчулардын кооперативи болуп эсептелинген-профсоюздардын уюму боюнча да айтпай коюуга болбойт. Акыркы 5 жылдан ашык убакыттан бери болуп келе жаткан соттошуулар, чырлардын, мыйзам бузуулардын келип чыгышына себептеринин эң башкысы, азыркы рынок экономикасына б.а. капитализмге дал келген укуктук базанын жоктугу. Бүгүнкү күнгө чейин социализм учурунда иштеп келген мыйзам профсоюздун ишмердүүлүгүн артка тартууда. Ага кошумча экинчи себеп, кооперативдик принциптер сакталбаганы. Советтик коомдогу “жогорудан ылдыйды карай башкаруу” принциби орун алып калганы.
СУНУШ. Бул кооперативдик тармак эң маанилүү социалдык тармак, анткени ал жумушчулардын укуктарын коргоо менен бирге, алардын саламаттыгына кам көрөт. Бул багытка дагы олуттуу реформа керек. Демек, терең анализ, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана түп тамырынан бери өзгөртүп реформалоо менен бул тармакты кризистен чыгаруу зарыл. Бул учурда, Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) жана Эл аралык кооперативдер Альянсынын https://ru.wikipedia.org/ консультацияларысыз иш алып баруу мүмкүн эмес. Кыскача айтканда, чоң комплекстүү иш-чаралар керек. Кандай гана болбосун кооперативдин бул тармагын өнүкүрүүдө башкаруунунун «ылдыйдан жогору карай» принцибин киргизүү зарыл.
Кошумчалап айта кетчү нерсе, дүйнөлүк практикада жумушчулардын ден соолугун жана камсыздандыруусун карай турган атайын медицина кооперативдери да иштешет.

Керектөөчүлөрдүн (потребительский) кооперативдери
Буга чейин “Кыргыз потребсоюз”, “облпотребсоюз” ж.б.у.с. аттар менен бизге тааныш болуп келген керектөөчүлөрдүн (потребительский) кооперативине өтсөк, профсоюздагыдай эле көрүнүштөр орун алган (бул тармакта дагы соттошуулар, чырлар 10 жылдан ашык уланып келет), мурунку советтик коомдо иштеп келген керектөөчүлөрдүн кооперативинин түзүмү, бүгүнкү рынок экономикасында иштей албай калган, башкача айтканда бул тармакта да капитализмге дал келген система түзүлгөн эмес. Совет доорунда дүркүрөп өскөн, эбегейсиз зор потенциалы бар болгон, чоң көлөмдөгү товар жүгүртүүнү башкарган, ири өлчөмдөгү мүлктөргө ээлик кылган, кооперативдин бул түрү да приватизация менен кошо өз маанисин жоготкон. Бул тармак айыл чарба кооперативдеринин, дыйкан-фермерлердин өндүргөн продукцияларын сатып өткөрүүдө чоң роль ойноп келген.
Жыйынтыктап айтканда, рыноктук мамилелердин өнүгүшүүнүн шартында кооперативдердин колдонулуп келген формаларын/моделин түп тамырынан бери өзгөртүү зарылчылыгы келип отурат.

ЖЫЙЫНТЫКТОО
Мен кооперативдик кыймылды/системаны изилдөөчү-эксперт жана колдоочу катары КРсында кооперативдердин комплекстүү жана системалуу түрдө өнүгүшүнө кызыктармын. Жыйынтыктап жатып, төмөнкү көңүл бура турган бир катар көйгөйлүү маселелерди белгилеп кетким келет.

Ипотека жатындагы өзгөчө абалды эске алуу менен кечиктирилгис түрдө “Турак-жай кооперативдери жөнүндө” мызамды иштеп чыгуу. Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алуу.
Коммерциялык эмес кооперативдин укуктук базасын иштеп чыгуу. Ага карата тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Кооперативдердин бардык түрүнө тиешелүү болгон мыйзамдарга талдоо/мониторинг жүргүзүү.
Кооперативдик принциптерди кооперативдин бардык түрүнүн менеджментине киргизүү жана ага карата көзөмөл (аудит на соблюдение кооперативных принципов) жүргүзүү.
Статистикалык маалыматтын жетишсиздиги. Азыркы учурда кооперативдердин баардык түрү боюнча статистикалык маалыматтар алардын саны, региондор боюнча бөлүштүрүлгөн маалыматтарга чейин, анын ичинде мүчөлөрдүн жана кызматкерлердин санына, өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнө жана түрлөрүнө, көсөткөн кызматтарынын түрү жана көлөмдөрү, материалдык-техникалык базага, өздүк жана арендага алынган аянттарга байкоо жүргүзүү, тышкы соода байланыштарын түзүү жана кооперативдер боюнча илимий-аналитикалык иш-аракеттердин жоктугунан тышкары, кооперативдер боюнча статистикалык маалыматтын булактары – Улуттук статистикалык комитети менен Айыл чарба министирлигинин ортосундагы эсепке алуу жана каттоо ыкмаларындагы айырмачылыктар бар. Өкмөт кооперативдер жана алардын өнөктөштөрү үчүн ылайыкташтырылган чечимдерди кабыл алуусу үчүн кооперативдердин иши жөнүндө ишенимдүү жана толук маалыматка ээ болуусу маанилүү.
Ошентип, кооперативдер жөнүндө маалыматтарды чогултуунун ырааттуу методологиясын киргизүү, кооперативдерди өнүктүрүү үчүн аналитикалык колдонууну күчөтүү, кооперативдер жөнүндө толук маалымат алуу үчүн көрсөткүчтөрдүн санын кеңейтүү маанилүү. Санариптештирүү мезгилинде мындай көйгөйлөрүдү чечүү кыйла жеңилдеген.

 

ТИРКЕМЕ.

КООПЕРАТИВДИК ПРИНЦИПТЕРДИ ТҮШҮНҮҮ https://www.ica.coop/

Кооперативдик принциптердин маңызы.
Ыктыярдуу жана ачык мүчөлүк. Кооперативге ыктыярдуу мүчөлүк кооперативге кирүү жана чыгуу ыктыярдуу экендигин билдирет. Кооператив өз алдынча уюм болуп саналат. Кооперативди граждандар жана юридикалык жактар ​​өздөрү түзүп,аны өздөру башкарат. Ачык мүчөлүк жарандарга материалдык абалына, саясий жана диний ишенимине карабастан кооперативге кирүүгө укук берет.
Демократиялык мүчөлүк көзөмөл. Кооперативдер — бул саясатты кабыл алууга жана чечимдерди кабыл алууга активдүү катышкан, алардын мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнгөн демократиялык уюмдар. Кооперативдин жетекчилери кооперативдин мүчөлөрүнүн алдында жооп беришет. Кооперативдерде бардык мүчөлөрү бирдей добуш берүү укугуна ээ (бир мүчө, бир добуш).
Мүчөлөрдүн экономикалык иштерге катышуусу. Кооперативдин мучөлөрү кооперативдин биргелешкен менчигине салымдарды (пайларды) киргизет жана ошону менен кооперативдин капиталын түзөт. Кооперативдин мүчөлөрү өзүлөрүнүн кооперативдеринин ишине товарларды жана кызматтарды сатып алуу менен жана башка жолдор менен дагы экономикалык салым кошушат. Кооперативдин мүчөлөрү коллективдүү менчик ээлери катары, финасы жылынын аягында алынган пайданы төмөнкү максаттарга бөлүштүрүшөт: кооперативди өнүктүрүү (дүкөндөрдү куруу, автотранспорт каражаттарын сатып алуу); социалдык иш-чаралар (турак жай имараттарын куруу, бала бакчаларды тейлөө); кооперативдин мүчөлөрүнө кооперативдик төлөмдөр, дивиденддер жана башка төлөмдөр.
Автономия жана көз карандысыздык. Бул принцип кооперативдерге эркиндикти жана кез каранды эместикти камсыз кылат. Мыйзамдар кооперативдерге социалдык-экономикалык иштерди жүзөөгө ашырууда өз алдынчалыкты камсыз кылат. Демек, чарба жүргүзүүгө, пайданы бөлүштүрүүгө, союздарга кирүүгө жана башка көп кооперативдерге тиешелүү бардык маселелерди өз алдынча чечет.
Кооперативдердин кызматташтыгы. Кооперативдер өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыгына мүмкүн болушунча натыйжалуу кызмат кылышат. Кооперативдер жергиликтүү, улуттук, аймактык жана эл аралык деңгээлде кызматташуу аркылуу социалдык жана экономикалык иш-аракеттерди натыйжалуу жүргүзүп, кооперативдик кыймылды бекемдейт.
Билим берүү, квалификацияны жогорулатуу, маалымат. Кооперативдер өз мүчөлөрүнө, шайланган өкүлдөрүнө, менеджерлерине жана жумушчуларына өз кооперативдеринин өнүгүшүнө натыйжалуу салым кошо алышы үчүн тынымсыз окутуп турушат. Жетекчилер жана адистер кооперативдердин мүчөлөрүнө социалдык-экономикалык иштердин натыйжалары жана проблемалары жөнүндө маалымдашат, ошондой эле алардын алдында өз иштери жөнүндө отчет беришет. Кооперативдердин мүчөлөрү, кооперативдердин жетекчилери коомчулукка, өзгөчө жаштарга жана коомчулуктун жетекчилерине кооперативдер деген эмне жана алар кандай пайда алып келе тургандыгы жөнүндө маалымдап турушат.
Коомго кам көрүү. Кооперативдер өздөрүнүн мүчөлөрүнүн муктаждыктарына көңүл бурушат. Ошону менен бирге кооперативдер жергиликтүү уюм катары калк менен тыгыз байланышта болушат. Демек, кооперативдер өздөрү иштеп жаткан аймактын экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүгүшү үчүн, башкача айтканда, коомдун өнүгүшү жөнундө камкордук көрүшөт.