8 кооператив ѳзүнүн бизнес-пландарын иштеп чыгууга киришти

Айыл чарба кооперативи – бул фермерлердин ыктыярдуу бирикмеси, анда алар өндүрүш, жеткирүү жана сатуу үчүн өз ресурстарын бөлүшөт. Биргелешкен бизнести кантип жүргүзүү керектигин жакшыраак түшүнүү үчүн өнүгүү стратегияларын иштеп чыгуу жана белгилүү бир мезгилге иш-аракеттердин так программасы болушу керек. Бул үчүн эң сонун курал – бул бизнес-идеяны баалоого, тобокелдиктерди көрүүгө, финансылык прогнозду түзүүгө жана инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берген бизнес-план.

2023-жылдын 1-8-августунда Жети-Өгүз, Тоң жана Кочкор райондорунун 8 кооперативинин өкүлдөрү Кыргызстандын Кооперативдер союзунун насаатчылары менен биргеликте RuralInvest инструменттерин колдонуу менен бизнес-пландарды түзүү боюнча окуудан өтүштү. Компьютердик программа Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан чакан жана орто айыл чарба инвестициялык долбоорлорун даярдоо жана баалоо үчүн иштелип чыккан.

«Бизде жашылча-жемиштерди сактоочу жай куруу идеясы бар болчу, бирок эмнеден баштарыбызды, кайда барарыбызды билбей калдык. RuralInvest инструменттери биздин бизнес-идеябыздын турмушка жарамдуулугун түшүнүүгө жана аны ишке ашыруу үчүн инвестициянын керектүү көлөмүн эсептөөгө жардам берди», — дейт Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жайгашкан «Саруу Орток» кооперативинин жетекчиси Салтанат Калыкова. Идеябызды бизнеске айландырууга, кооперативибиздин 28 мүчөсүнүн үй-бүлөлүк кирешесин көбөйтүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана айылыбыздын турмушун жакшыртууга бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз.