Мамлекетибизде агрардык тармакты өркүндөтүүгө болгон аракеттер жыл өткөн сайын курчуп, учурдун маанилүү маселелеринин катарында орун алууда.
Элибиздин бакубат, жаркын жашоосунун келечеги болгон айыл чарбасынын эртеңкиси үчүн бел чечпей, тынымсыз эмгек өтөгөн татыктуу кыздарыбыздын саны арбын. Алардын бири-Кыргызстан кооперативдер Союзунун төрайымы Иманбекова Айнура Касымкуловна. Айнура айым менен болгон маегибизде Кыргызстан кооперативдер Союзунун дыйкандарыбызга көрсөткөн көмөктөрү туурасында сөз болду.
-Биздин дыйкандарыбызды кооперативдерге бириктирүү иштери кандай болууда?
-Менин кесибим негизинен айыл чарба адистигине байланышпаса дагы карапайым дыйкандарыбыздын кызыкчылыгына байланышкан максаттарымдын изи менен ушул кооперативдик Союзду башкарып калуума туура келди. Учурда биздин замандаштарыбыз кооператив десе эле баягы Союз учурундагы ири колхоздорду элестетишип, түшүнүктөрү ошол жакка бурулат. Чындыгында андай эмес, ал кезде биздин экономикабыз план менен иштечү, азыр болсо базар экономикасына өтүп, ошол шартта жашап жатабыз. Кооператив ушул базар экономикасы шартында дыйкандарыбызды жаркын келечектерге жетелеп бара турган жаңы үлгүдөгү дыйкандарыбыздын биргелешип иш алып баруусу катары түшүнүүгө мезгил жетти. Биздин кыргыз мамлекетибизге кооперативге биригүү сөзсүз керек экендиги эбак далилденген. Аны кантип өркүндөтүп-өстүрүү керектигине чын ыкласымдан кызыгып, чет мамлекеттерде иш сапарларга чыгып, изилдеп келем. Ушул убакка чейин 8 өнүккөн жана мурунку союз курамындагы 2 мамлекеттин кооперативди өнүктүрүүнүн чоо-жайына кызыгып, тажырыйбаларын изилдедим. Ушул изилдөөлөрдүн натыйжасында Жапония мамлекетиндеги иш сапарымдагы изилдөөлөр жемиштүү болуп, дыйкандарыбызга маанилүү жаңылыктарымдан бөлүшүп жатам. Ал эми Россия жана Казак мамлекеттери дагы биздин мамлекет сыяктуу экономикалык өткөөл учурду башынан кечирип жаткандыгына жана 60 жылдан ашуун бир идея менен жашап келгендигибизге байланыштуу алардан үйрөнө турган эч нерсе таппадым. Аларда бизге салыштырмалуу темир жол түйүндөрүнү жана ири кампалары бар, башкача айтканда инфраструктураларынын сакталып калганы кооперативдердин иш-аракеттерин алга сүрөөдө.
Биздин мамлекетибиздеги майда чарбаларды ирилештирип кооперативдерге бириктирүү менен ири базарларга чыгуусуна негизги шарттарды камсыздай турган өзүмдүн идеяларым, изилдөөлөрүм бар эле. Бирок бир бүтүмгө келе албай жүргөм. Эки жыл мурун Жапония мамлекетине бир айлык окууга барып, жапон туугандарыбыздын кооперативдеринин структурасынын түзүмдөрү, менин оюмдагы Кыргызстанда түптөлүүчү кооперативдик модел менен шайкеш келип чыкты. Мен ошондо өзүмдүн изилдөөлөрүмдүн негизинен пайда болгон бул кооперативдик модел катасыз экендигине ынандым. Ошондогу кубанычымда чек жок эле.Ал жерде кооперативдик түзүмдүн беш түрү бар.Ошол беш түзүмдүн баардыгы менен кең-кесири таанышып чыгуу үчүн көп убакыт кетти. Бешинчи түзүмдө кооперативге мүчө болгон адамдардын ден соолугу, өмүрү үчүн камсыздандыруу жагы каралат экен. Жапония мамлекетине барган иш сапарымдан кийин өзүмө катуу ишенип калдым. Азыркы учурда ишенимдүү кадамдарды жасап, айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү үчүн эки эселенген кайрат менен белсенип иштей баштадым. Ал эми калган 4 түзүм аркылуу кооперативдер баардык экономикалык муктаждыктарын чече алышат. Мисалы: биринчи түзүмдүн жумуштарын Союз аркалуу ишке ашырышат, алар: менеджмент, аудит жургузуу, окутуу, жана кеңеш берүү иштери, экинчиси болсо кооперативдик банк-ал дыйкандарга үстөгү арзан болгон насыя берүү жана депозиттер менен иштейт, үчүнчү түзүм менимче ушул системанын өзөгү десем жанылышпаймын, ал сатуу жана агро каражаттар менен тейлөө жумуштарын алып барат, төртүнчүсү болсо камсыздандыруу багыты боюнча иштейт. Ошентип буларда 5 структурадан турган кооперативдик түзүм- мамлекеттик, префектуралык жана айылдык болуп 3 тепкичтен турат. Эң кызыктуусу айылда комплекстик кооперативдер өз мүчөлөрүнө жогоруда аталган 5 түзүмдүн баардык кызматтарын көрсөтүшөт, ошондуктан аларды “комплекстик” деп аташат, ошонун негизинде чыгымдар азайым, үнөмдүү да болот экен. Биз чакан мамлекет болгондуктан мындай комплекстик кооперативдер айылдарда эмес, облус же район деңгээлинде гана иштей алышат. Мен болсо аудит боюнча дагы бир түзүм болууга тийиш деген түшүнүктө элем. Бирок баардыгын бир түйүнгө бириктирген жапондуктардан кийин көп нерсени үнөмдөп калууга мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигине кубандым.
-Сиздерге мамлекет тарабынан жардам берилеби?
-Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө багытталган мамлекет тарабынан бир дагы саясат жок. Бул демилгени биз өз колубузга алып 2009-жылы Союздун кызматкерлери жана эксперттеринин күчү менен атайын мамлекеттик программанын долбоорун жазып чыгып, Өкмөткө жана Айыл чарба министрлигине сунуш кылганбыз. Андан бери канча убакыт өтсө дагы бул иш Өкмөт мүчөлөрүнөн айрыкча Каржы министрлигинен колдоо таппай кечиктирилип келет. Программаны Эл аралык деңгээлдеги адис жана жергиликтүү экономист-эксперттер менен кайрадан бир карап чыксак дегенбиз, учурда ушул сунуштарыбыз ЮСАИД Эл Аралык уюмунун “Агро Горизонт” деп аталган долбоорунан колдоо таап, бирге аракеттенүүдөбүз. “Агро Горизонт” долбоору аталган адистерди каржылоо жагынан жардам берип жатат. Ал эми өзүбүздүн адистерибиз болсо бекер эле иштешүүдө. Айыл чарба министрлигиндеги жооптуу адистер, министрлер тез-тез алмаша берип, биздин ишибиз улам артка жылып калат. Ушундан улам Жогорку Кенештин агрардык комитети аркылуу аракетке өтүүнү туура деп таптык. Анткени министрлер бат-бат алмашып кетсе депутаттар 5 жыл бою олтурушат экен. Ошентип биздин ишибиз кыйма-чийме лабиринт сыяктуу жолдор менен алга жылууда. Ушул аталган программанын максаты жогоруда сиз менен кеп салган кооперативдик системаны Кыргыз Республикасында түзүү, бул максатка жетүү боюнча программанын долбоорунда бир нече темадагы иш-чаралар каралган, ал мыйзамдарга жана мыйзам ченемдик актыларга өзгөртүү киргизүү, жер маселелери, каржылоо, тейлөө, камсыздандыруу сыяктуу маселер, анын убакыт жагы дагы белгиленип тез арада, орто жана узак мөөнөттө аткарылчу иштер болуп 3 кадамдан турат. Атайын кооперативдик структура жана анын системасы болмоюнча айыл чарба кооперативдери эч качан ийгиликке жетише алышпайт.
-Кооператив мүчөлөрүнүн салык төлөө милдеттери кандай болууда?
-Азыркы учурда Союздун демилгеси менен айыл чарба кооперативдери баардык салыктан бошотулган жана эмгек акыдан төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдөн дагы женилдиктерди алган, мына ушунун өзүн мамлекеттин колдоосу же жардамы катары бааласак болот. Мындан сырткары жылына берилүүчү жеңилдетилген насыянын үстөгүн кооперативдер үчүн 10%дын ордуна стимул катары 9% деп белгилешкен, бул жакшы го, бирок кооперативдерге коюлган шарттардын биринде: “эгерде айдоо жери бар болсо, же болбосо ижарага айдоо жер алса, ошол кооперативге 9% менен насыя берилет ”- деп жазылган, мындай шартты аткаруу жаны моделдеги кооперативдерге таптакыр туура келбейт. Себеби мамлекетибизде агрардык жана жер реформасы жүрүзүлгөндө, жер мамлекеттен ажыратылып элдерге бөлүнүп берилген, реформанын экинчи этабында дыйкандар жогоруда аталган кызматтарды алуу учун гана кооперативдерге биригишип өз муктаждыктарын чечишмек. Кыскача айтканда кооператив аркылуу агро каражаттарды ортомчусуз, сапаттуу жана арзан баада сатып алышса, өндүргөн азык-түлүктөрүн ошол эле кооператив аркылуу жакшы баада сатып өткөрүүгө шарт түзүлөт. Мындай иш-чараны алып баруучу кооперативге кампа, сортоо жабдыктары с.ж.б. инфраструктуралар керек болот. Айдоо жерди мүчөлөрүнөн алып кооперативдин балансына коюу же ижарага алуунун эч кандай максаты жок. Ушунун негизинде жаңы моделдеги кооперативдер жеңилдетилген каражаттан ала алышпады, алар эптеп арзан насыя алып калуунун амалын издеп, ар бир мүчөсү менен “фиктивдүү ижара келишимин” түзүп, аны айыл жетекчилигине барып, кол койдуруп, анан банкка жеткенде каражат түгөнүп калды. Мына ушундай мамлекеттик деңгээлдеги кызматкерлердин түшүнбөстүгүнөн жардам эмес тоскоолдуктар бар десем жанылышпаймын. Бул маселени жөнгө салуу максатында Айыл чарба министрлигине кайрылганыбызда алар Каржы минстирлиги жана “Айыл Банк” күнөөлү дейт, ал эми алар болсо Айыл чарба министрлигине шылтайт. Мен болсо бул маселеде Айыл чарба министрлиги тармактык минстрлик катары жооптуу деп эсептейм. Быйыл ушундай каталарды кетирбейт деген ишеничтемин.
-Эми Союздун иш-аракеттери жөнүндө кошумчалай кетсеңиз?
Кооперативдер Союзунун негизги кызматын лобби деп коебуз, башкача айтканда кооперативдердин кызыкчылыктарын мамлекеттик деңгээлде колдоо жана коргоо болуп эсептелинет, жана ошондой эле окутуу, консультация жана түшүндүрүү иштери менен алекпиз. Негизги максат жогоруда сиз менен кеп кылып жаткан кооперативдик системаны Кыргыз мамлекетинде куруу. Бирок бул чоң максат- кооперативдик Союздун эле эмес өлкөбүздүн Өкмөтүнүн максаты экен, аны кийин тажырыйба топтогондо гана билдик. Ошол чоң максаттарыбыздын бири бул дыйкандарга арзан насыя жеткирүү үчүн кооперативдик банк түзүү эле. Бул багытта иш алып барууда бир нече аракеттерди жасасак дагы эч ким бизди түшүнбөй койду. Анан бир чоң иш-чара өткөрүү керек экендигин түшүнүп, ушул темада 2013-жылы кооперативдердин Эл Аралык күнүнө карата Биринчи Кооперативдик Форум өткөрдүк. Форумга кеңири тажырыйбалуу 9 көз карандысыз эксперттерди чет мамлекеттерден чакырдык. Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, ушул темага тиешеси бар болгон ар кандай ассоциациялардын өкүлдөрү, жергиликтүү эксперттер жана кооперативдин жетекчилери келишти. Формуда Канададан келген эксперттерибиз өз сөзүндө кыркка жакын жакыр жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде кооперативдик банк уюштургандыгын баяндады. Ал эми Жапониядан келген эксперттер болсо мамлекеттик айыл чарба банкын, кооперативдерге 30 жыл мурда сатуу жолу менен Норинтюкин деп аталган кооперативдик банк түзүшкөнүн айтышты. Мындай чоң иш-чараны уюштуруу абдан көп эмгекти талап кылат эмеспи, анын сыңары биз дагы көптөгөн чыгымдарга чыдап ушул форумду өткөрдүк. ЖАЙКА Эл аралык уюму Жапония мамлекетинен келген 5 эксперттин чыгымын көтөрсө, биз 4 эксперттин чыгымдарын төлөп бердик. Ишибиздин натыйжасы элибиз үчун пайдалуу болсо экен деп биз кеткен чыгымдарыбызга дагы кайыл болдук. Форум абдан таасирдүү болуп, натыйжада Улуттук банктын астында атайын жумушчу топ түзүлүп, кооперативдик банктын мыйзамынын Концепциясы иштелип чыккан. Бул нерсе мамлекеттин деңгээлиндеги иш болгондуктан кийинки кадам Кыргыз Өкмөтү тарабынан ошол биздин өнөктөштөрүбүзгө кат жолдонуп, алар менен келишим түзүлдү. Алар бизге келип алгачкы ирээтте жасалчу иш-чараларды баштоого тийиш эле. Бирок дагы деле антип-минткенче жетекчиликтердин алмашканы, болуп жаткан саясий окуялар биздин ишибиздин илгерилөөсүнө кедергисин тийгизүүдө. Биздин президентибиз Назик Бейшенаалы кызынын доктордук диссертациясынын темасы кооперативдик банктарга байланыштуу болгондуктан, аталган иш-чаранын негизги демилгечиси эле, ошондуктан бул ишти өз көзөмөлүнө алууда.
Кыргызстанда Кооперативдик системаны түзүү жана аны кантип ишке ашырууну терең изилдөө максатында бир канча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү менен пайдалуу тажырыйба топтой алдым, бул тармакта болгону 3-4 гана эксперт барбыз, ал эми иштер көп, кадр болсо жетишпейт, ошондуктан азыр ЖАЙКА Эл аралык уюмуна жергиликтүү консультант-эксперттерди окутуу жана тажырыйба алмашуу боюнча долбоор жазуудамын. Кооперативдерди өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын Өкмөткө өтпөй жатышынын себеби дагы ошол кадр маселесине байланыштуу. Айыл чарба министрлигинде негизинен көз караштары эски адамдар эмгектенишет. Алар болсо негедир учурдун маанилүү маселелерине маани беришпегендери ишти артка тартат. Ушул жагдайда кадрлар маселесин жаңыртмайынча, жаш, дараметүү кадрлар менен кан айланууну жүргүзбөсөк, айыл чарба тармагы артта калып, элибиздин жашоосунда кейиштүү жагдайлар пайда болуп калуусу толук мүмкүн.
-Кооперативдерди түзүүдө айылдыктар менен иштөө жагы кандай болууда?
-Дыйкандар экономикалык же башка муктаждыктарын биргелешип чечүү максатында өз ыктялары менен бир уюмга биригишет. Мына ушул уюм укуктук формасы жактан кооператив деп аталат. Эгерде дыйкандардын өз каалоосу болбосо сырттан зордоп кооперативди түзүү мүмкүн эмес жана анын келечеги болбойт. Биз изилдөөлөрдү жүргүзгөндө көбүнчө кооперативдер кандайдыр бир грант алуу максатында түзүлүп калышып, ал грантты алгандан кийин же албай калышып тарап кетишкен экен. Мына ошондуктан биздин негизги иш-чараларыбыздын бири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Бул нерсе каражатка байланыштуу болгондуктан аны биз өз гана чөйрөбүздө жүргүзүүгө мажбурбуз. Азыркы тапта кооперативдерди түзүү багытында биз АКТЕД Эл аралык уюму менен бирдикте Евробиримдигинин колдоосунда иштеп жатабыз. Долбоордун максатынын бир бөлүгү дыйкандын кирешесин көбөйтүү, б.а. бизге маалым болуп калган чынжырдагы кошумча наркты (ЦДС) түзүү жолу менен пайданы көбөйтүү, ортодогу ортомчуларды кыскартуу. Мына ушул максатка жетүүдө дыйкандар бизден биринчиден түшүмүн көбөйтүү үчүн агротехникалык кеңештерди алышат, андан сон туура кургатуунун жаңы ыкмаларын жана тамак-аш коопсуздугун сактоо эрежелерин үйрөтөбүз. Ошентип кайра иштетилген товарларын сатып өткөрүүгө жеткенде маркетинг боюнча дагы сабактарды өтөбүз, мына ушу сатууга жеткенде дыйкандардын кооперативге биригүү зарылчылыгы келип чыгат, ошондуктан кооперативди уюштуруу жана башкаруу боюнча окутуп, кеңеш беребиз.
Мен иш-пландарыбызга толугураак токтоло кетсем, Ала-Букада бир нече айылдык жана бир райондук кооперативди уюштуруу негизги маселе болуп саналат. Айылдык кооперативдин милдети өз мүчөлөрүнө кайналыны өстүрүү, жаңыртуу, кургатуу боюнча кеңеш берүү, окутуу, кургатылган товарды топтоо ж.б. кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Ал эми райондун деңгээлинде бир кооператив уюшулуп, ага айылдык кооперативдер мүчө болуп киришип, азык түлүктөрүн сатууда биргелешип көлөмдүү товарды топтоп, сорттоп жана маркалап, ири рынокко чыгып жакшы баада ортомчусуз сатууга мүмкүнчүлүктөрдү алышат. Мына ушундай моделди түзүү биздин негизги иш-чарабыз жана максатыбыз.
Долбоор тарабынан окуу, кеңеш берүү жана жабдыктарды сатып берүү жагы грант түрүндө каралган, бирок сөзсүз түрдө дыйкандардын да өздүк салымы жок дегенде 15% ка чейин болушу шарт. Мындан сырткары Баткен, Ысык-Кол, Ош жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда дагы долбоорлорубуз бар, аны дагы башка Эл аралык уюмдар каржылашат.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, азыр КРсында 4000ге жакын кооперативдер бар, бирок анык иштеп жаткандары 50 гө жетпейт. Учурунда колдоо алабыз деген максат менен бир эле үй-бүлөөнүн тегерегинде уюшулуп калган кооперативдерда арбын. Биздин Союзга республикабыздагы баардык облустарынан кооперативдер мүчө болуп киришкен. Бизге мүчө болгон кооперативдердин саны 250 дон ашык болгон менен активдүү катышуучулар 40 дай эле, биз алар менен тыгыз байланышта болуп, көптөгөн маселелерин чечүүгө жардамдашып, түшүндүрүү, окутуу, кенеш берүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бирок биздин көтөргөн маселелерибиз мамлекеттин деңгээлинде жана стратегиялык мааниде болгондуктан, анын ийгилиги узак мөөнөттө билинет. Ал эми салык жана социалдык төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди алып бергенибизди азыр дыйкан фермерлерибиз түшүнө бербейт. Кээ бир учурларда бизнес долбоорлорун жазып алып, бизге келишип, грант, насыяларды сурашат. Көпчүлүк кооперативдерде өзүлөрүнөн башка мүчөлөр жок болгондуктан мындайча айтканда эч кандай ирилешкен чарба болбогондуктан, биз деле аларга жардам бере албайбыз.
Дүйнө жүзүндө айыл чарба иштерин натыйжалуу жүргүзүү жалаң кооперативдер аркылуу иш жүзүнө ашып келет. Маселен, көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде өлкөнүн агрардык саясаттын ишке ашырууда кооперативдердин системасы канал катары колдонулуп, дыйкан менен мамлекеттин ортосундагы байланышты түзүп турат. Мисалы Жапонияда Өкмөт айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды Норинтюкин кооперативдик банкы аркылуу дыйкандарга жеткирет. Дегеле ортодо ортомчу болгон коммерциялык банктын маржасы жок болгондуктан дыйкан эң аз пайызда насыя ала алат. Ошол эле сыяктуу айыл чарбасын камсыздандыруу саясаты дага кооперативдик система аркылуу иштейт. Ал эми кооперативге мүчө болбогон дыйкан Жапонияда мындай жардамдарды ала алышпайт экен.
-Сиз кандайча кооперативдик Союзду жетектеп калдыңыз?
-Мен башында айткандай 2000-жылдары Кредиттик Союздардын ассоциациясында жетекчиси болуп иштеп калдым. Ошол кезде Германия Эл аралык уюмунда (ГТЦ) жаны “Товардык жана сервистик кооперативдерди өнүктүрүү” деген долбоор келип иштеп баштады, анын жетекчиси доктор Хюльзин менен абадан жакшы мамиледе элем. Ал мага долбоордун акыркы жылдарында Кырыгызстандагы болгон кооперативдерди бир уюмга бириктирүү планы бар экенин айтып, ошол уюмга сен жетекчи болсон дечү, бирок мен ал кезде ынаган эмесмин, анткени коомдук уюмда иштеш оңой эмес экенин билчүмүн. Ал киши бул жактан кеткенден кийин ГТЦда иштеген кызматкерлерден кайрадан сунуш түшүп, кезектеги чогулуштарынын биринде колдоого алынып, 2008-жылдын август айларынан баштап иштеп калдым. Бул жерде иштегенде кооперативдерди өнүктүрүү туурасындагы кызуу талаш-тартыштар жана дыйкандардын көйгөлөрү мени терең ойлондуруп чечүү жолдорун издетти, ошентип багыт алган максаттарыбызды таанып-билүүгө аракет жасадым. Мына андан бери 15 жылдан ашуун мезгил өттү, кооперативдердин маани-маңысына терең кызыгып, дагы эле изилдөөлөрдүн үстүндө иштеп жүрөм. Билген сайын билбегеним көбөйүп жаткан сыяктант. Бирок ошондой болсо дагы өлкөбүздүн 65% ын түзгөн айылдык мекендештеримдин экономикалык-социалдык ахыбалын жакшыртуу жолу ушул кооперативдер системасы экенин түшүнүп, аны түптөө жеке эле дыйкандын же алардын бирлигинин колунан келбестигине көзүм жетип турат. Өзүмдүн изилдөөлөрүмө таянып, өлкөбүздүн агрардык саясатынын негизги өзөгү майда бытыранды болгон чарбаларды ири кооперативдерге бириктирүү деп ишеничтүү түрдө айта аламын. Дыйкандардын тагдыры алардын биригип аракеттенүүлөрүндө жатат. Ошондуктан, мамлекеттик программаны даярдап алып, аны Өкмөткө өткөрүү максатында улам бир эшикти жыртып жүрөбүз. Бул багытта ишибиздин натыйжасы болбой жатканы абдан өкүндүрөт, бирок ушундай далалаттарыбыз бүгүн болбосо эртең ишке ашат деген үмүттөбүз.
-Рахмат, ишиңиздерди ийгиликтер коштосун!
Раиса Дүйшөнбекова “Кыргыз Туусу