Кыргызстан кооперативдер Союзунун төрайымы Иманбекова Айнура Касымкуловна: “Кооперативдер өнүктүргөн продукциялар дүйнөлүк базарларга бет алды”
Мамлекетибизде агрардык тармакты өркүндөтүүгө болгон аракеттер жыл өткөн сайын курчуп, учурдун маанилүү маселелеринин катарында орун алууда. Элибиздин бакубат, жаркын жашоосунун келечеги болгон айыл чарбасынын эртеңкиси үчүн бел чечпей, тынымсыз эмгек өтөгөн татыктуу кыздарыбыздын саны арбын. Алардын бири-Кыргызстан кооперативдер Союзунун төрайымы Иманбекова Айнура Касымкуловна. Айнура айым менен болгон маегибизде Кыргызстан кооперативдер Союзунун дыйкандарыбызга көрсөткөн көмөктөрү, жаралган ийгиликтер туурасында сөз болду.
-Биздин дыйкандарыбызды кооперативдерге бириктирүү иштери кандай болууда?
-Менин кесибим негизинен айыл чарба адистигине байланышпаса дагы карапайым дыйкандарыбыздын кызыкчылыгына байланышкан максаттарымдын изи менен ушул кооперативдик Союзду башкарып калуума туура келди. Учурда биздин замандаштарыбыз кооператив десе эле баягы Союз учурундагы ири колхоздорду элестетишип, түшүнүктөрү ошол жакка бурулат. Чындыгында андай эмес, ал кезде биздин экономикабыз план менен иштечү, азыр болсо базар экономикасына өтүп, ошол шартта жашап жатабыз. Кооператив ушул базар экономикасы шартында дыйкандарыбызды жаркын келечектерге жетелеп бара турган жаңы үлгүдөгү дыйкандарыбыздын биргелешип иш алып баруусу катары түшүнүүгө мезгил жетти. Биздин кыргыз мамлекетибизге кооперативге биригүү сөзсүз керек экендиги эбак далилденген. Ал эми кооперативге дыйкандарды бириктируудо алгач кандай кадамдар керек, дыйкандар менен мамлекет ортосундагы байланыштар, мамлекеттик саясаттар жонундо чын ыкласымдан кызыгып, чет мамлекеттерде иш сапарларга чыгып, изилдеп келем. Ушул убакка чейин 8 өнүккөн жана мурунку союз курамындагы 2 мамлекеттин кооперативди өнүктүрүүнүн чоо-жайына кызыгып, алардын тажырыйбаларын изилдеп келем.
-Жасаган аракеттер жемишин бере баштадыбы?
Быйыл Кыргызстан кооперативдер Союзунун түптөлгөндүгүнө 10 жылдын жүзү болду. Алгачкы 2007-08 жылдары бул кооперативдер Союзунун жетекчилигинин алдында коопеаративдерди салык төлөмдөрүн женилдетууго байланышкан зор милдеттер турду. 2009 жылдан баштап Салык Кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, кооперативдик чарбалар салык төлөөдөн бошотулган. Салык кодексинин 153 статьясында дыйкандардын кайсы учурда салыктан бошотулары туурасында жазылган, аталган аныктаманын негизинде айыл чарба кооперативдеринен жеңилдиктер берилди. Бул алгачкы ийгилик эле. Андан кийин мамлекеттин өзүндө программа саясаты жок болсо, анын өнүкпөй тургандыгын айтып, жалпы айыл чарба кооперативдик чарбаларды өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программанын долбоорун даярдап, Өкмөткө сунуштап чыктык, аны кабыл алынууга карата чон аракеттерди жасадык, бирок тилекке каршы, анын ордуна өткөн жылы кооперативдерди өнүктүрүү жөнүндөгү Концепция кабыл алынды, мен буга азыр да макул эмесмин. Айыл чарба министирлигинин жетекчилиги “программаны өткөрө албайбыз,
программаны аткаруу үчүн акча каражат талап кылынат, ал эми Концепцияга каражат талап кылбагандыктан кабыл алуу оңой”- деген жоопту айтышты. Максатыбыз эптеп эле бир документти бекитип алууда эмес, чындап эле дыйкандарга жардам берүүдө эле. Анткени биз бир нече мамлекеттердин программалары менен таанышып, талдап чыгып анан лоббирование кылып жаткан элек.
Кооперативдер өнүккөн мамлекеттердеги алардын алгач иш баштаган мезгилдеги мыйзамдарына жана программаларынын маңызы кандай экендигине кызыктым. Кооперативдерге биригүү алгач 170 жыл мурун Германия мамлекетинде башталып, дыйкандар биригүү менен ийгиликтерди жаратышып, бут дуйного таанымал болушкан, ошондон улам “кооперативдердин атасы-Германия” деп аталып калган. Ал эми калган кооперативдери жакшы өнүгүп кеткен мамлекеттерде жалаң мамлекеттик саясаттар аркылуу кооперативдердин өнүгүшүнө шарттар түзүлгөн. Кыргызстанда дагы кооперативдик чарбалар туурасындагы мамлекеттик программанын зарыл экендигин далилдей алдык. 2009-жылдан бери ушул программа тууралуу тажабай айта дагы жаза дагы бердик. “Алар өнүккөн мамлекеттер эмеспи, теңелип кереги жок”-деген кептерди айтышты. Биз даярдап берген программаны иш жүзүнө ашырууга саясий эрки бар жетекчилер кездешкен жок. Каражат жоктугуна шылтоолошуп, программаны Концепция катары чыгарып коюшту. Концепция айтылган маселе боюнча кала бере тургандыгы анык эмеспи. ККСунун президенти Назик Бейшеналы бул сунушту Премьер-министр Сапар Исаковго айтып ттүшүндүргөндөн кийин гана, КРнын Өкмөтүнүн “Өнүгүүнүн 40 кадамы” долбоорунун алкагындагы 21- кадамы болуп, биздин сунушубуз өтүп кетти. 10 жылдан бери биз айтып келе жаткан көйгөйлөр, бүгүн дагы актуалдуу бойдон кала берген, эми чечиле турган проблемалардын катарына коюлду. 21 кадамдын иш-чараларына мыйзамдардагы кем-карчтар, салык, кооперативдерге материалдык-техникалык база түзүү жана насыяларды берүү жактары камтылды. Жаңы үлгүдөгү кооперативдин аныктамасын бир тилде түщүнүү же мыйзамдардагы ар кандай аталыштагы терминологияларды бирдей түшүнүккө алып келүү жагы каралууда. Ишибизди алгалатууга кедергисин тийгизген формалдуу көрүнүштөрдү жөнөкөйлөштүрүү дагы бизге зарыл. Маселен, Индия мамлекетинде кооперативдер ооруканаларды, жоокерлердин армияларын, билим берүүчү жайларды ж.б. мамлкеттик мекемелерди өздөрү өндүргөн тамак-аштары, жашылча-жемиштери менен камсыз кылууга мыйзамдын негизинде толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Биздин мамлекетте болсо мыйзамга ылайык кооперативдер тендерге катышуусу керек. Ал эми тендерге катышуунун жол-жобосун карапайым дыйкандардан түзүлгөн кооперативдер биле беришпейт. Негизинен ортомчулар тендерди утуп, кытайдын синтетикадан жасалган күрүчтөрүнүн килосун 50 сомдон алып келип, 80-100 сомдон өткөрүп жүрүшөт. Өлкөбүздүн түштүк аймактарындагы дыйкандарыбыз маңдай терлерин төгүп өстүргөн күрүчтөрүн 50-60 сомдон зарлап өткөрө албай жүрүшөт. Эмне себептен биз өзүбүздүн фермерлердин товарларын албай, кытайдын жасалма күрүчтөрү менен балдарыбызды, ооруканадагы сыркоолорубузду, армиядагы балдарыбызды тоюндурушубуз керек. Ушул маселелерди чечүү үчүн алгачкы кадамдарыбызды жасап баштадык.
-Сиздердин аракетиңиздер менен дүйнөлүк рынокко жол ачылып, чет мамлекеттерге ийгиликтердин коштоосунда барып келип жатканыңыздарды билебиз. Ушул туурасында айтып берсеңиз?
-Ырас, биз азыр Индия ири мамлекети менен кол кармаштык, продукциянын 7 түрүн (кара өрүк, курага, грек жаңгагы, сары майга, алмага, балды жана ит мурун) NAFED деп аталган улуттук денгээлдеги Индия кооперативдерин бириктирип макетинг иштерин жүргүзгөн Федерациянын жардамы аркылуу Индия рыногуна алып чыгууга макулдаштык.
Бул мамлекетте калктын саны абдан көп болгондуктан, тамак-аштын бир нече түрү сырттан келип турат экен. Биздин продукциялар тоодо өскөндүгүнө байланыштуу таттуу келип, зор тамшанууну жаратты, бүгүн сатып алгандар, эртеси да алабыз деп келип жатты.
Биз менен меморандум түзгөн NAFED кооперативинин жетекчиси бизге биздин Индия мамлекетине даярдаган азык түлүктөрүбүздүн таңгактарын, даярдоо эрежелерин, маркетингдик абалдарын өздөрүнүн стандардына шайкеш келтирип даярдап бере тургандыктарын айтышты. Андан сырткары, биздин мамлекетте өндүрүлгөн азык-түлүктөр экологиялык жактан таза болгондуктан, баасын жогорку чекте коюуга мүмкүн экендигин, Индия мамлекетинин колунда бар, бай адамдары үчүн сырткы жасалгасы өзгөчө азыктарды даярдоо өзгөчө мааниге ээ экендигин далилдеп беришти. Азык-түлүктөрдүн сырткы жасалгасын өзгөчө шөкөттөп, элита чөйрөсүнө даярдалган даамдардын баасы дагы бир топ жогору болоору биздин дыйкандарыбызды, ишкерлерибизди кызыктырууда. Индия коомчулугуна даярдалган азыктардын маркетингдик абалдарын элдин менталитетине жараша жасалгалоо боюнча же башкача айтканда бренд түзүп берүү жагына жардам берише тургандыктарын айтышты. Буюрса, 2018-жылдын күз айларында алар менен чогуу продукцияларыбызды сатууга чогуу чыкмай болдук. Ал эми ошол эле учурда биз тараптан
аткара турган бир канча иш-чаралар да бар. М: Индия базарын теренирээк изилдөө жүргүзмөй, логистика жагын дагы жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү, мындан сырткары, Индия мамлекети ЕАЭСтин курамына кирүүгө даярданып жаткан мамлекет, демек, бажы төлөмдөрүн аталган продукцияларга женилдетүү жагы боюнча КР Өкмөтүнө кайрылуу сыяктуу бир канча иш- аракеттер али алдыда.
Негизи биз чама-чаркыбыздын жетеээр-жетпеси менен эсептешпей эле Европа мамлекеттери менен иштөөгө кол созуп көнүп калганбыз. Коңшулаш мамлекеттерди өндүргөн товарларыбыз менен камсыздап, алардын канчалык деңгээлде ыраазычылыктарына ээ болуп жаткандыгыбызды, мээнеттерибиз акталып жаткандыгын тактоо ар кандай ыргак менен өнүгүп жаткан. Россияга алып барып сатуудан акча бирдиктеринин курсу аркылуу гана пайда тушуп турган эле, кийин курстар тенелип калган кезде пайда жок болуп калды.
Ушул мезгилге чейин биз Индия мамлекетинин Элчисинен бир нече жолу чакырууларды алдык. Бирок анча көңүлдөнбөй жүрүп, анан күз мезгилинде официалдуу кат алгандан кийин, даярданып, дыйкандарды жөнөттүк. Ошондо Индия мамлекетинде биздин продукцияларыбыз “Жарк” этип, кызыгуулар күч алды, сунуштар ар тараптуу түшүп жатты. Алып барган товарларыбыздын кымбат экендигине карабай бир күн ичинде талап-талашып алып кетишти. Индиялыктардын азык-түлүктөрдү сыртынан эле баалап, сапатын аныктап кое турган артыкчылыктары бар экен. Биздин мамлекет тоолуу аймак болгондуктан азыктардын баары экологиялык жактан таза экендигин айтсак чоң кызыгуу жаратты. Демек, биз Кыргызстандын продукциясы көлөмү жактан базардан орун ала албасын түшүнүү менен органикалык продукция өндүрүүгө негизги багыты коюшубуз керек. Учурдан пайдаланып кооперативдердин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп жаткан КР Индиядагы Элчиси Самаргүл Адамкуловага терен ыраазычылыгымды билдирип кетемин. Биз үчүн маанилүү жолугушууларды уюштуруп, ар бир сапарыбызда биздин кооперативдердин өкүлдөрүнүн жанында жүрүп, баардык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүүгө аракет кылат, ошонун негизинде бир “сыр сандык” ачылгандай эле болду. Анын үстүндө Азия жана Тынч окаен өлкөлөрү боюнча Дүйнөдөгү Кооперативдердин Эл аралык биримдигинин 2-кенсеси Индияда жайгашкандыктан, алар менен кызматташтыкты чыңдообузга дагы чоң таасирин тийгизе алды.
Суротто Дүйнөдөгү Кооперативдердин Эл аралык биримдигинин оисинде алардын менеджерлери менен Кыргыз делегациясы.
Негизинен биз Индия мамлекетинин 2 чоң компаниясы менен экономикалык мамилелерди түзүү боюнча иштешип баштадык. Өнөктөш болуучу экинчи компаниябыз-“аюрведе” менен иш баштаган компания. Органикалык жактан таза ыкмалар менен даярдалган косметикалар, тамак-аштарды, дары чөптөрдү, индия элине сунуштаган ишкана. Биз ушул компаниянын жетекчиликтерин жай айында. Баардыгы гүлдөп өсүп турган кезде жергебизге чакырып, кеңешме уюштурууну пландоодобуз. Келечекте кандай багытта иштеше тургандыгыбыздын форматтарын тактап алмакчыбыз. Биздин өнөктөштөрүбүз биздин жергебиздеги өсүп жаткан чөп-чардын, өсүмдүктөрдүн баардыгынын дарылык касеттери күчтүү экендигин бизден мурда эле билишет экен. Мумияга дагы кызыгуулары күчтүү. Азыр ошол 2 компания менен иштешүүгө бел байлап, анын биринчиси менен кол коюшуп, убаданы бекемдедик. Экинчи компания менен жакын арада келишим түзүүгө бел байлап турган чагыбыз. Өткөн жылы ноябрь айында биздин кооперативдердин өкүлдөрү көрөзмө-жарманкеге барып катышып келишти. Ал эми декабрь айында айыл чарба техникалары жана жабдыктары боюнча болуп өткөн көргөзмөгө өзүм барып катышып келдим. Мен ал жерден жер кыртышынын катмарын текшере турган кичи-лаборотория издеп барганмын. Анткени жылдардын өтүшү менен биздин мамлекетте жер кыртышынын кунары качып, келечекте коркунуч жаратып жатканы чындык эмеспи. Дыйкандар болсо жакшы реклама болгон же колуна тийген эле жер семирткичтерди пайдаланууда, алгач топуракты текшерүү керек экендигин түшүнүп турса дага шарттын жоктугуна байланыштуу эч нерсе кыла албайт. Индиядагы алгачкы жолугушуубуз айыл чарба министрлигинде болду. Ошол жерден мен кичи лабораторияларга болгон кызыгуумду билдирдим. Эгерде көргөзмөдөн ошол лаборатория табылбаса, жардам көрсөтө
турушкандыктарын айтышты. Кыргызстандын
Индиядагы элчиси Самаркүл Адамкулова дагы биздин кызыгуубузду эске алып, бизди көргөзмөдөн кийин министрликке кайра алып келди. Барсак чакан столдун бетин ээлей турган кичи лабораторияны жайгаштырып коюшуп, бизге демонстрация кылышты. Ал изилдөөдөн жер кыртышынын 12 параметринин корутундусун билип, кемчиликтерди толуктоого болот экен. Жалпы баасы 150 миң турат экен. Баардык коопертив жамааттарын ошол лаборатория менен камсыздоо анчалык оорчулук келтирбей тургандыгына сүйүндүк. Бул болсо Индия мамлекети менен кызматташуунун 3 багыты эле.
Индия мамлекетинде жер семирткичтерди чыгарган “IFFCO” деген кооператив, жер семирткичтердин бир нече түрү менен өздөрүнүн мүчөлөрүн камсыздап келишет, бул жерде коммерциялык маржа жок болгондуктан кооперативдин мүчөлөрү бир кыйла арзан баада сатып алышат. Ал эми биздин мамлекетте болсо дыйкандарга арналган жер семирткичтер, улам колдон-колго өтүп жүрүп отуруп, дыйкандарга абдан кымбат баада жетет эмеспи. Ушул компания менен органикалык жер семиркичтерди өндүрүү жана өзүбүздүн дыйкандарыбызды ортомчусуз камсыздоо жагын сүйлөшүүдөбүз. Жер семиркичтер менен иштөө биздин аракетибиздин-4 багыты болду.
Аталгандардан сырткары экотуризм/агротуризм жана текстиль тармагында иштешүүго дагы алардын кызыгуусу бар.
Өтүп кеткен 2017-жыл биздин Кооперативдер Союзу үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду. КРнын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго-40 кадам” долбоорундагы 21 кадам-“кооперативдерди өнүктүрүү” багытына арналгандыгы бизди кубандырат. Биз ушул 21чи кадамды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жасалып жаткан аракеттерди жан-дилибиз менен колдоп, кубаттап жатабыз. Кыргызстанда кантип кооперативдерди түптөп, жана анын системасын куруу керек экендиги туурасында баалуу кеп-кеңештерибизди берүүдөбүз. Ошол тапшырма алдыга коюлгандан кийин мамлекетибизде ал чоң саясатка айланып, анын айланасында иштер жүргүзүлүүдө. Эл аралык уюмдарда айыл-чарба багытында иш алып барууда негедир көздөрү ийгиликке жетпей, четтеп турушчу. Азыр болсо кооперативдерди өнүктүрүү багытында активдүү жандануулар башталды. Азыр жапа-тырмак киришип мамлекет башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери, карапайым кызматчыларыбыз, дээрлик баардыгыбыз кооперативдерди ийгиликтүү уюштурмайынча эч качан элет жериндеги, агрардык мамлекеттеги айыл тургундарынын жашоолору бакубат-байгерчиликке бара албай тургандыгына баарыбыздын көзүбүз жетип калды. Ушул кезге чейин айыл-чарба кооперативдерин уюштурууда, иштетүүдө жүрөксүп, артка караган учурлар көп болду. Жер үлүштөрүнүн баары менчикке тарап кеткен маалда кайрадан бириктирүү маселесине эч ким ишенбей калган учурлар болду. Дүйнө жүзүндөгү өтө өнүккөн жана анчалык өнүкпөгөн мамлекеттердин мисалдарын карап көрсөк-кооперативдер адамдардын жашоосун жакшыртууда өтө зор роль ойной тургандыгы далилденген. Биздин дыйкан-фермерлер дагы айрыкча рыноко чыгууда сөзсүз турдө кооператив керек экенин айтышууда, бир канчалаган алсыз майда чарбанын ордуна туруктуу бир ишкана пайда болсо, чынында эле бир канчалаган айыл тургундарына пайда алып келээр эле, бул болсо мамлекеттин экономикасында ВППнын көлөмүнүн өсүшүнө да таасир этмек жана өндүрүлгөн продукциянын аты, көлөмү белгилүү болуп, азык түлүк коопсуздугу учун дагы кандайдыр бир тактыктар пайда болмок. Ошентип, аймактарды өнүктүрүүдө кооперативдерди өнүктүрүү өзөктүү оорунду ээлейт.
Бирок мамлекет тарабынан кооперативдердин өсүп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүчү шарттардын жоктугу кандайдыр бир деңгээлде кедергисин тийгизди. Анан ушул “Өнүгүүгө 40 Кадам” программасынын алкагында кооперативдерди өнүктүрүүдө мамлекет тарабынан түзүлүүчү шарттар аныкталууда, иш-чаралардын пландары такталып, биздин келечегибиздин эшиги ачылчудай болуп турат.
Мамлекетибиздеги жарандардын жашоо-шарттарын жакшыртуу үчүн ушул көрүлүп жаткан аракеттер ишке ашса, ийгиликтер ошондо жаралмак. Биздин иш-чараларыбызды айыл чарба министрлигинин жетекчилиги колдоого алып, турмушка ашыруулары зарыл. Азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде эле кооперативик чарбалар тууралуу абдан жакшы пикирлерин коомчулуктун алдында айтып келген. Быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” жылы деп атады. Ал эми аймактарды өнүктүрүү-кооперативдик чарбаларды өнүктүрүү менен тыгыз байланышта. Өкмөткө Сапар Исаков баштаган жаш кадрлардын келүүсүнөн дагы биз күткөн ийгиликтердин жыйынтыктары болот деген ишеничтебиз. Мына ушундай кош колдоо болуп турган учурда кооперативдерге терең көнул болүнүп, алардын өнүгүү жолу эми башталса керек деген ойдомун.
Бактыга жараша биздин дагы ири мамлекеттердин бири менен кол кармашып калганыбыз чоң ишенимди арттырып, үмүттөндүрүп турат. Эң негизгиси кооперативдин өзөгү
адамзаттын бири-бирине болгон ишениминен турат. Эгерде алар бири-бирине ишенишсе, алар биригишет. Өнөктөштөргө, мамлекетке ишенип, чоң максаттар аткарылат. Карапайым дыйкандарыбыз Союзга зор ишеним менен биригишип, жакшы жашоодон үмүттөнүп келишет, эми буйруса, алар бул ишенимдин үзүрүн көрүшөт. Азыркы жасап жаткан аракеттерибиз карапайым дыйкандардын биргелешип аракеттенүүлөрүнө өбөлгө түзө алат деп терең ишенемин.